Индиянын Бихар штатында бир жашар Говинда аттуу бала 70 сантиметрлик кобраны тиштеп, өлтүрүп алды. Бул тууралуу Hindustan Times билдирди.
Бул окуя Батыш Шампаран айылында бала үйдө ойноп жүргөндө болгон. Жылан балага жакындап келгенде, аны оюнчук деп ойлоп, тиштеп салган.
Беттиах ооруканасынын басма сөз катчысы Девикант Мишра наристе жыланды үйдүн ичинен кармаганын, ал эми чоң энеси полдон өлгөн жыланды тапканын белгиледи.
Бала эсин жоготкон абалда болгон. Наристенин абалын дарыгерлер көзөмөлдөп жатканын, жыландан уулануу белгилери байкала электигин кошумчалады.