Кытайдын түндүгүндөгү Хэбэй провинциясындагы жер көчкүдөн кеминде 8 адам каза болуп, төртөө дайынсыз жоголду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
"Жер көчкүнүн кесепетинен 8 адам каза болуп, 4 адам дайынсыз болууда", - деп айтылат маалыматта.
Издөө-куткаруу иштери уланууда. Бийлик жапа чеккен аймакта топурактын нымдуулугу жана күтүлүп жаткан жаан-чачындан улам дагы жер көчкү жүрүү коркунучу бар экенин эскертүүдө.
Айта кетсек, буга чейин нөшөрлүү жаандан улам 80 миңден ашуун адам эвакуацияланып, 30дан ашуун жаран каза болгону айтылды.