Биз социалдык тармакта

Араван районунда жолдорду оңдоо иштери уланууда

Араван районунда жол инфраструктурасын жакшыртуу иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдирди.

№44 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Кочубаев–Сүткор автожолунун 4 чакырымына жана Араван–Мангыт жолунун 2,5 чакырымына асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди.

Мындан тышкары Ош–Араван–Чек-Абад автожолунун 10 чакырымына асфальт төшөө долбоорунун алкагында эски асфальт катмарын алуу, жолдун негизин даярдоо, кеңейтүү жана суу өткөрүү түтүктөрүн орнотуу иштери жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле №44 Жол тейлөө ишканасы тейлеген автоунаа жолдорунда жол чийиндерин чийүү жана белгилерди жаңылоо иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан