Биз социалдык тармакта

Мурас бөлүштүрүүдө чыр чыгып, 42 жаштагы жаран каза болду

Түркияда 69 жаштагы киши эки баласына мурас бөлүштүрүп жатып, чыр чыгып, уулдарын атып алды. Бул тууралуу Habertürk жазды.

Окуя Сейхан районунда болуп, атасы 42 жаштагы Нихат жана 34 жаштагы Месут аттуу уулдарына ок чыгарган. Окуяга күбө болгондордун айтымында, чыр мурас боюнча талаштан улам чыккан.

Атышуудан кийин эркек киши агрессивдүү аракеттерин улантып, уулдарын тепкилеген. Жабырлануучулар дароо медициналык мекемеге жеткирилген. Нихат дарыгерлердин аракетине карабастан алган жараатынан улам каза болуп калган. Ал эми Месутка операция жасалып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Шектүү үйүнүн жанынан кармалып, сурактан кийин камакка алынган. Учурда укук коргоо органдары окуя болгон жерден качып кеткен дагы бир адамды издөөдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан