Ош шаарында соттук-психиатриялык экспертизадан өтүп жаткан имараттан качып кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирет.
Бүгүн, 29-июлда зордуктоого шектелген жаран экспертиза учурунда качып кеткени маалымдалган.
Аталган факты боюнча зарыл болгон издөө иш-чаралары уюштурулган.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү кармалып, камакка алынды. Кошумча маалымат берилет.
Жогорудагы окуянын себептерин жана жагдайларын аныктоо, ошондой эле шектүүнү коштоп жүрүү боюнча жооптуу кызматкерлердин (конвоир) аракеттерине баа берүү максатында кызматтык текшерүү жүргүзүлүп жатат.