Биз социалдык тармакта

Таласта ачык аянтта куураган чөптөн чыккан өрт өчүрүлдү

Казакстан менен Кыргызстан чектешкен ачык аянтта кургак чөптөн чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Ага ылайык, Жамбыл облусундагы Кыргызстан менен чектешкен ачык аянтта бүгүн, 29-июлда кургак чөптөн өрт чыгып, Таластагы Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Тетин-Сай капчыгайына өткөн.
Кыргызстандагы өрт саат 20:50дө толук өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 7 гектарды түздү.
"Таластагы кыргыз-казак чектешкен аймакта шамал болуп жалын тутануу коркунучу болгондуктан, 81 куткаруучу жана Талас токой чарба кызматынан 36 кызматкер, жалпы 117 адам нөөмөттө калышты", - деп билдирди ӨКМ.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан