Биз социалдык тармакта

Ош шаарына жаңы 120 атайын техника сатып алынды

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканалары үчүн жаңы 120 даана 21 түрдөгү атайын техника сатып алынды.
Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, техникалар президент Садыр Жапаров мамлекеттик турукташтыруу фондунан бөлгөн 500 миллион сомго алынды.
Учурда толук техникалар алынып келинип, шаардын борбордук аянтына коюлууда. Бул техникалар алдыда шаар көчөлөрүн жууп-тазалоо, шыпыруу, кышкысын жолдордогу карды күрөө, туз себүү сыяктуу жумуштарга тартылып, тиешелүү ишканаларга бөлүштүрүлөт.
Андан сырткары автовышкалар, крандар, SANY, SHACMAN сыяктуу оор жүк ташуучу унаалар, жолго асфальт төшөөчү техникалар бар.
29.07.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан