Белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов сынактан тандалган мамлекеттик гимндин тексттери боюнча пикирин билдирди.
"Гимндин тексттери "улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолуна жооп бербейт. Кыргыз ким элек, ким болдук, ким болбобуз деген нерсе жок. Келечекке дем берген, ишеним жараткан, үмүт арттырган, денени дүргүткөн гимн керек",- деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасында.
Айта кетсек, Маданият министрлиги 25-июлда мамлекеттик гимндин жаңы редакциясына текст тандоо боюнча түзүлгөн комиссия 5 тексттин долбоорун жактырганын билдирген. Эми тандалып алынган тексттерге музыкалык чыгарманы жаратуу боюнча кайрадан сынак жарыяланмакчы.