Биз социалдык тармакта

Трамп индиялык товарларга киргизилүүчү бажы төлөмдөрүнүн көлөмүн белгиледи

АКШнын президенти Дональд Трамп Индиядан импорттолгон товарларга 25 пайыз көлөмүндөгү бажы төлөмдөрүн киргизүүнү көздөп жатканын билдирди. Бул тууралуу CNN телеканалы кабарлады.

Трамп бул тууралуу Шотландиядан АКШга учуп келе жатып, журналисттер менен баарлашуу учурунда айтты. Ал белгилегендей, АКШ менен Индиянын соода келишими азырынча толук иштелип чыга элек. Анын айтымында, Индия АКШнын жакшы өнөктөшү болсо да, башка өлкөлөргө салыштырмалуу өтө жогорку бажы төлөмдөрүн колдонуп келген.

Трамптын айтымында, Индия эми 25 пайыздык бажы төлөмүн төлөөгө милдеттүү болот.

Буга чейин 17-июлда Индиянын мунай министри Хардип Сингх Пури АКШ тараптан Орусиянын мунайын сатып алган өлкөлөргө санкция салынса, Индия бул мунайды башка булактардан толук алмаштыра ала турганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан