Камчаткадагы катуу жер титирөөдөн кийин Индонезияда цунами коркунучу тууралуу эскертүү берилди. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда өлкөнүн Метеорология, климатология жана геофизика агенттигинен чет элдик басылмаларга билдиришти.
"Кыскача цунами эскертүүсү. Күчү 8,6 баллга жеткен жер титирөө Орусиянын Камчатка шаарынан 164 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан",- деп айтылат маалыматта.
Горонтало, Малут, Батыш Папуа, Папуа жана Түндүк Сулавеси аймактарында цунами болушу мүмкүн.