АКШдагы Өзгөчө кырдаалдар боюнча федералдык башкармалык (FEMA) Тынч океанда болгон жер титирөөдөн кийин Гавайи аралдарындагы жээк тилкелерин дароо эвакуациялоого чакырды. Бул тууралуу мекеме социалдык тармактагы X баракчасында билдирүү таратты.
FEMA тараткан билдирүүдө жээк аймактарындагы жарандарга дароо чара көрүү талабы коюлуп, эвакуациялоо жолдору, адатта, толкун сүрөтү жана бийик жерлерге багыт берген жебелер менен белгиленгени көрсөтүлгөн.
"Жээк аймактарындагы тургундар дароо аймактан чыгып кетиши керек",- деп эскертти мекеме.