Биз социалдык тармакта

Куткаруучулар Көк-Бел жайлоосунда жарандын өмүрүн сактап калышты

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунундагы Көк-Бел жайлоосунда 53 жаштагы эркек киши куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Министрлик анын кан басымы жогорулап, абалы кескин оорлошуп кеткенин белгилейт. Куткаруучулар биринчи жардам көрсөтүү менен жаранды жайлоодон унаа менен алып түшүшкөн. Андан соң куткаруучулар жаранды Жыргалаң айылынын "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.

Министрлик учурда анын абалы жакшы экенин маалымдап, 53 жаштагы кишини куткарууда жерине 4 куткаруучу тартылганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан