Оштун Өзгөн районунда жаранды ур-токмокко алган деп уюшкан кылмыштуу топ менен мурда байланышы болгон адамдар кармалышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, атайын кызматка жабырлануучу катуу сабалгандыгы тууралуу арыз менен кайрылган. Дайындалган соттук-медициналык экспертиза арыздануучу денесинен оор жаракат алганын, анын өмүрүнө коркунуч келтирилгенин аныктаган.
Аталган кылмышка шектүү катары 31 жана 21 жаштагы жарандар кармалган. 31 жаштагы шектүү мурда үч жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. УКМК алар буга чейин "Коён" каймана аттуу кишинин кылмыштуу тобу менен байланышта болушканын кошумчалады.