Биз социалдык тармакта

Трамп жубайы Газадагы ачарчылыктын сүрөттөрүнө таң калганын айтты

АКШнын президенти Дональд Трамп жубайы Мелания Трамп Газадагы массалык ачарчылыкты чагылдырган сүрөттөргө катуу таң калганын билдирди.

"Ал (Мелания) муну коркунучтуу деп эсептейт",- деген Трамп кечээ, 29-июлда Шотландиядан АКШга кайтып келе жатып Air Force One учагынын бортунда журналисттерге.

"Ал дагы сиз көргөн, баарыбыз көрүп турган сүрөттөрдү көрүп жатат. Менимче, ким болбосун балдарды көргөндө коркунучтуу дегенден башка эч нерсе айта албайт. Билесиңерби, ачкачылык жөнүндө айтышабы, айтышпайбы, алар ачкачылыкта жаткан балдар",- деп кошумчалаган Ак үй башчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан