Бүгүн, 30-июлда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаардагы үч эмдүү үч үй-бүлөнүн ар бирине эки бөлмөлүү батирлер белек кылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Алар:
- Саматбек Сатыбалдиевдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген 3 эм наристелери - Асылай, Ариет, Азирет;
- Рустамбек Кудайкуловдун үч эм кыздары - Сабина, Самира, Медина;
- Медербек Маматовдун үй-бүлөсүндөгү үч эм Рабия, Разия, Рафия.
Оштун мэри өз сөзүндө жаштарга стимул болсун деп батирлерди белек кылып жаткандыгын айтып, шаарда мындай практика болбогондугун белгиледи.
Буга чейин дагы үч үй-бүлө батирлүү болушкан.