Бишкек шаарынын түндүк айланма жолун реконструкциялоо алкагында асфальт тɵшɵɵ иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жол кыймылынын интенсивдүүлүгү эске алынып, бир тараптуу асфальт басуу иштери аткарылууда. 6 тилкелүү автожолдун реконструкциясына 150дɵн ашуун атайын техника иш алып барып жатат.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын түндүк айланма жолунун жалпы узундугу 33,4 чакырымды түзөт. Быйыл анын 15 чакырымына асфальт төшөө пландалууда.
Тактап айтканда, 2025-жылы Алма-Ата-Бишкек-Ташкент жолунун 6 чакырымы жана Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 9,1 чакырымы реконструкцияланат. Жолдун аталган тилкесинде (15 чакырым аралыгында) эки деңгээлдүү 4 жол түйүнүн (двухуровневая развязка) куруу каралган.