Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев калаанын Коммунист айылында курулушу башталган Эне-Сай жаңы конушунда 1000ден ашык үй болорун билдирди.
Буга чейин долбоор жалпы 520 үй-бүлөгө ылайыкташканы айтылган.
"Ал жерге мектеп, ФАП, милиция бөлүмчөсү, жолдор, стадион салынат. Биз курулуш компаниясына анын ордуна 21 гектар жер беребиз",- деди ал коллегиялык жыйында.
Аталган жаңы конуш Кытайдын "Куньлунь" курулуш компаниясы тарабынан курулат. Шаарча жалпы 54 гектар жер аянтына түптөлөт.