Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев "Ош такси" муниципалдык ишканасы түзүлөрүн билдирди.
"Силерге мактанып коёюн, 5-августка чейин 50 электромобиль келет. Кроссовер, мини жиптер. Алардын бардыгы шаардын ичинде такси кызматын аткарат. Андан түшкөн каражат шаардын казынасына түшүп турат",- деди ал коллегия жыйынында.