Министрлер кабинети Улуттук онкология жана гематология борбору үчүн Саламаттык сактоо министрлигине 10 миллион 141 миң 165 сом бөлдү.
Тиешелүү тескемеге өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду.
Мындай чечим бейтаптарга ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү, медициналык тейлөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынды.
Ал эми Саламаттык сактоо министрлигине бөлүнгөн каражаттын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу тапшырылды.