Биз социалдык тармакта

Америкалык актёр кызын сактап калам деп, өзү каза болуп калды

"Декстер" сериалындагы ролу менен белгилүү болгон америкалык белгилүү актёр Малкольм-Жамал Уорнердин өлүмүнүн себеби айтылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Уорнер Коста-Рикада үй-бүлөсү менен эс алып жүргөн убакта каза болгон. Экспертизанын жыйынтыгында ал сууга чөгүп каза болгон.

Коста-Риканын туристтик полициясынын аймактык бөлүмүнүн башчысы Элберт Леондун айтымында, алар сууга түшкөндө Уорнер кызын сактап калууга аракет кылган. Ал кызы менен деңизге түшүп жатканда экөөнү тең катуу агым алып кеткен. Кызын жээкке түртүп, бирок өзү чөгүп кеткени айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан