Биз социалдык тармакта

Кыргызстан Кытайга кургатылган өрүктү экспорт кылды

Айыл чарба министрлиги билдиргендей, 29-июлда Кыргызстан Кытайга кургатылган өрүктүн алгачкы 23 000 килограмм партиясын экспортко жөнөттү.

Продукцияны даярдоо учурунда бардык талап кылынган фитосанитардык процедуралар (лабораториялык сыноолор жүргүзүлүп, фитосанитардык сертификаттар берилген жана жөнгө салынуучу зыяндуу организмдердин жоктугу тастыкталган) сакталган.

Бул жеткирүү Кытай рыногуна кыргыз жемиш-жашылча продукциясынын жолун ачкан маанилүү кадам болуп саналат. Ошондой эле келечекте экспорт көлөмүн көбөйтүүгө, товар түрлөрүн кеңейтүүгө жана Кыргызстандын ишенимдүү соода өнөктөш катары позициясын чыңдоого өбөлгө түзөт.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан