Бүгүн, 31-июлда өлкөнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, айрым аймактарда 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы Чүйдө +29…+34, Талас облусунда +26…+31, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +30…+35, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +23...+28 градус ысык болот.
Күндүн табы Бишкекте +31…+33 градуска көтөрүлсө, Ош шаарында +32…+34 градуска чыгат.