АКШнын Хьюстон шаарындагы ооруканада лифттин кесепетинен 35 жаштагы хирург Хидетоши Никайдо каза болду. Бул тууралуу The Mirror басылмасы билдирди.
Кырсык адам лифтке кирип жатканда болгон. Лифттин эшиги жабылып, дарыгер ортосунда калып, техника иштей берген. Анын башы жулунун калган. Лифттин ичинде дагы бир дарыгер аял болгон. Ал кишинин көз жумганын өз көзү менен көргөн. 20 мүнөт кесиптешинин бөлүнгөн денесин карап отурган. Аял физикалык жактан жабыркаган эмес, учурда ал дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө башкы инспектор лифтти тейлөөдө 22 мыйзам бузууну аныктаган. Жабдууларды кезектеги кароодон бир айга кечиккендиги аныкталды.