АКШнын президенти Дональд Трамп башка өлкөлөр менен соода келишимдерин түзүү үчүн белгилеген 1-августка чейинки мөөнөттү мындан ары кайра карабай турганын билдирди.
"1-августка белгиленген мөөнөт – бул акыркы мөөнөт. Ал күчүндө кала берет жана узартылбайт",- деп жазган ал Truth Social баракчасында.
"1-август Америка үчүн эң сонун күн",- деп кошумчалаган ал.
Белгилей кетсек, 9-апрелде Трамп бул маселе боюнча диалогду талап кылган 75тен ашык өлкөгө импорттук тарифтерди жогорулатуу чечимдеринин аткарылышын 90 күнгө токтотуп, 9-июлга чейин мөөнөт койгон. Ал кийин аны 1-августка чейин узартууну чечкенин жарыялаган.