Америка Кошмо Штаттарында 30 жылдан ашуун убакыт сакталган эмбриондон бала төрөлдү. MIT Technology Review басылмасы жазгандай, Таддеус Дэниел Пирс аттуу ымыркай 26-июлда жарык дүйнөгө келди. Ал 1994-жылы тоңдурулган эмбриондон төрөлүп, дүйнөлүк рекордду жаңылады.
Таддеус - тарыхтагы “эң кары” эмбриондон төрөлгөн наристе болуп эсептелет. Ал эмбрион дээрлик 31 жыл бою атайын сактоодо турган.
Бул окуя 1994-жылы башталган. Ошол учурда бир белгисиз аял экстракорпоралдык уруктандыруу (ЭКО) жол-жобосунан өткөн. Бир эмбрион аялдын организмине көчүрүлүп, калган үчөө криоконсервация аркылуу сактоого алынган. Жылдар өткөндөн кийин ошол эмбриондордун бири кайрадан колдонулуп, Таддеус төрөлдү.