
Ош облусунун туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана эс алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Кара-Кой эс алуу аймагына алып баруучу жол толук реконструкцияланууда. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда облус жетекчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Айта кетсек, буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жерине барып унаа жолу толук оңдолорун айткан. Мындан улам облус жетекчиси Элчибек Жантаев тиешелүү жетекчилерге Телман - Кара-Кой жолунун долбоорун кыска мөөнөттө аяктоо боюнча тийиштүү тапшырмаларды берип, тездетүү талаптары коюлду.
"Жалпысынан узундугу 28 чакырымды түзгөн бул жолдун буга чейин 6 чакырымы асфальтталган болчу. Капиталдык салымдар беренеси боюнча каржыланган 3 чакырымдык бөлүккө да асфальт төшөлүп, толук бүткөрүлдү. Учурда калган 19 чакырым аралыгында жол куруу жана асфальт төшөө иштери мамлекеттин эсебинен жүргүзүлүүдө",- деп кошумчаланган маалыматта.