Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулаган жаран кармалды (фото)

Ысык-Көлдө мыйзамсыз синтетикалык 6 даана 100 метрлик тор салып, 33 даана сига балыгын кармаган жаран колго түштү. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-июлда Чоң-Өрүктү айылынын Шайылдаев көчөсүнүн тургуну, 1988-жылы туулган К. А. аттуу жаран кармалып тергөө кызматына өткөрүлдү.

"Жогорудагы факт Ысык-Көл РИИБинде катталып, 310-берененин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, шектүү Ысык-Көл РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда. Ошондой эле аталган жарандын үйүнө жана турак жайына тинтүү жүргүзүү учурунда 2 даана кайыктын моторлору табылып алынды",- дешти милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан