Биз социалдык тармакта

Бишкекте 35 жаштагы киши милиция кызматкерине пара берип жатканда кармалды (видео)

Бишкекте 35 жаштагы киши милиция кызматкерине пара берүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, райондук милициянын тергөөчүсү жетекчилигине кайрылып, шектүү козголгон кылмыш ишин бурмалап, жоопкерчиликтен куткаруу үчүн пара сунуштаганын айткан. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен кылмыш иши козголгон.

Пара сунуштаган 35 жаштагы жаран тергөөчүнүн иш бөлмөсүндө 134 миң сом берип жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.

31.07.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан