Биз социалдык тармакта

Маданият министрлигинин кызматкерлерине планшеттер тапшырылды

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев санариптик өзгөрүү алкагында жана кызматкерлердин мобилдүүлүгүн жогорулатуу максатында министрликтин кызматкерлерине 20 планшет тапшырды. Бул тууралуу кечээ, 30-июлда аталган министрликтен билдиришти.

Бул техникалар көчмө, координациялык жана аналитикалык иштерге тартылган бөлүм башчыларына берилди. Планшеттер кызматкерлерге талаа шартында маалымат алмашууга, отчётторду даярдоого жана иш-чараларды координациялоого мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле алар кызматтык милдеттерди аткарууда заманбап санариптик куралдарды пайдаланууга шарт түзөт.

Мирбек Мамбеталиев: “Бул жөн эле техника эмес, мамлекеттик башкарууну ийкемдүү, ачык жана ыкчам кылуучу шайман. Биз санариптештирүү жана процесстерди модернизациялоо багытын улантабыз”,- деп билдирди.

Министрлик өз ишмердүүлүгүндө заманбап технологияларды киргизүүнү этап-этабы менен улантат. Анын ичинде кызматкерлерди керектүү байланыш жана иш куралдары менен камсыздоо да каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан