Ош облусундагы Кара-Кой эс алуу аймагына баруучу жолдо жүргүзүлүп жаткан курулуш иштерине байланыштуу, 2, 3, 9, 10, 16 жана 17-август күндөрү унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда облустук өкүлчүлүк билдирди.
Маалым болгондой, чектөөлөр эс алуучуларга жана туристтерге ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында кабыл алынды. Курулуш иштерине байланыштуу жол тыгындары жана ар кандай ыңгайсыздыктар жаралышы мүмкүн.
Өкүлчүлүк аталган күндөрдө көзөмөл постунда тиешелүү кызматтар иш алып бара тургандыгын билдирип, эс алуучуларга жолго пландап чыгууну сунуштайт.