Бүгүн, 31-июлда Бишкек шаарында Москва көчөсүнүн Асаналиев (Некрасов) көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.
Аталган тилкеде эски асфальтты алуу иштери жүргүзүлүп, жаңы бордюрлар орнотулуп, жаңы асфальт төшөлдү.
"Бишкек шаарынын мэриясы жол-транспорт инфратүзүмүн жакшыртуу иштерин жүргүзүп жатат жана убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн түшүнүү менен кабыл алган шаар тургундарына ыраазычылык билдирет",- деп айтылат маалыматта.