Биз социалдык тармакта

Disney "Зверополис 2" мультфильминин алгачкы трейлерин жарыялады (видео)

Кечээ, 30-июлда Disney компаниясы "Зверополис 2" мультфильминин алгачкы расмий трейлерин жарыялады.

Бул тасма - жаныбарлар жашаган заманбап чоң шаардагы окуялар тууралуу баяндаган атактуу "Зверополис" мультфильминин уландысы.

Тасманын негизги каармандары - биринчи бөлүмдөгүдөй эле, коён Жуди Хоппс жана түлкү Ник Уайлд болот. Бул жолу алар жыландар жашаган аймакка, башкача айтканда, сойлоп жүрүүчү жаныбарлардын районуна биринчи жолу барышат.

Билдирүүгө ылайык, "Зверополис 2" мультфильми 2025-жылдын 26-ноябрында кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт.

Зверополис 2
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан