Оштун Кара-Суу районундагы 50 орундуу бала бакчанын курулушунда мыйзам бузуулар болгону аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, Ала-Тоо айыл аймагында жайгашкан бала бакчаны курууда “С.С.” ЖЧКсы жана аталган айыл өкмөттүн кызматкерлери тарабынан иш жүзүндө аткарылбаган курулуш иштери кабыл алуу актыларына киргизилген. Натыйжада мамлекетке 2 миллион 548 миң 233 сом зыян келтирилген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу), 346-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) жана 379-беренеси (Документтердин жасалмасын жасоо) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.