Бүгүн, 31-июлда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы кыдыруусунда калаанын Касымбеков көчөсүн бойлой аккан "Жекелик" каналынын жээгин текшерип чыкты.
Ал аталган аймактын абалына кейип, каналдын жээгин ачуу жана Раззаков көчөсүнөн баштап эс алуу багын куруу тапшырмасын койду.
"Ошто "только по понятиям" жашашат экен. Кимдин акчасы, бийлиги болсо басып алмай, мыйзам деген жок. Балдар "по понятиям" менен жашабаш керек. Азыр башка бийлик келди. Урматтуу президентибиз, генералыбыз "шаарды татынакай кылып оңдогула" деп жатат",- деди Токторбаев.