Биз социалдык тармакта

Камчаткадагы жердин силкинүүсү Ключевская Сопка жанар тоосун козгоду (видео)

Камчаткадагы жер титирөөдөн кийин Ключевская Сопка жанар тоосу жанданды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар маалымдашууда.

Жанар тоодон атылган күл 6 чакырым алыстыкка чейин жетти.

"Буга чейин жанар тоо 200-300 метр бийиктикке чейин өзүнүн күлүн чачыратып, жарылуу күчтүү болгон эмес. Учурда анын абага бөлүнүп чыгуусу 6 чакырымга чейин барууда",- деди Орусиянын Вулканология жана сейсмология институтунун директору Алексей Озеров.

Жергиликтүү бийлик саякатчыларды коопсуздук эрежелерин сактоого жана адистердин сунуштарын угууга чакырды.

Белгилей кетсек, кечээ, 30-июлда Камчаткада күчү 8,7 баллга жеткен катуу жер титирөө болгон. Авача булуңунун жээгинде цунами коркунучу жаралып, Сахалин облусунун Северо-Курильский районунда жана Петропавловск-Камчатскиде өзгөчө кырдаал жарыяланды. Учурда цунаминин кесепеттери жоюлууда.

Камчаткадагы жанар тоо
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан