Биз социалдык тармакта

Таласта мыйзамсыз бөлүнгөн жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Талас облусунун административдик соту Айыл чарба министрлигинин Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматынын аймактык башкармалыгынын доо арызын канааттандырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Соттун чечимине ылайык, Бакай-Ата районундагы №124 контурда жайгашкан жалпы аянты 3,9 гектар болгон жер тилкеси мыйзамсыз түрдө 24 жаранга үлүш катары бөлүнүп берилгени аныкталды.

Натыйжада, аталган жер тилкесине карата мурда чыгарылган бардык токтомдор жараксыз деп табылып, 3,9 гектар жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан