Түштүк Кореянын бийлиги жарандарына Корея Элдик Демократиялык Республикасы менен байланышууга тыюу салган жарлыгын жокко чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
"Азыр жеке деңгээлдеги байланыштарга толугу менен уруксат берилди. Жөнөкөй жарандардын ортосундагы эркин байланыш бири-бирин жакшыраак түшүнүүгө мүмкүндүк берет, бул эки өлкөнүн ынтымагына салым кошот",- деп белгиленген маалыматта.
Буга чейин бийликтин көрсөтмөсүнө ылайык, түштүк кореялыктар КЭДРдин жашоочулары менен байланышы тууралуу алдын ала кабарлашы керек болчу. Расмий уруксат айрым учурларда берилчү эмес. Анткени мамлекеттик сырды алып чыгат деп шектенишкен.