Биз социалдык тармакта

Сириянын өкмөтү өлкө согуштан чарчаганын билдирди

Сириянын тышкы иштер министри Асаад аш-Шейбани өлкөнүн Израилге карата агрессивдүү ниети жок экенин билдирди. Бул тууралуу ал Орусиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров менен сүйлөшүүлөрдөн кийинки маалымат жыйынында маалымдады.

Анын айтымында, Дамаск учурда туруктуулукка умтулууда.

"Биз өлкөнү кайра куруп жатабыз, он жылдык согуштан чарчадык. Сириялыктар биригишин каалайбыз. Бизде өтө көп качкындар, убактылуу көчүрүлгөн адамдар бар, бизге туруктуулук керек",- деди сириялык министр.

Ал эми Орусиянын өкмөтү Сирияга согуштан кийинки калыбына келтирүү процесстеринде жардам берүүгө даяр экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан