Өлкөдө эми дары-дармектер тууралуу маалыматты "Дары-дармек" мобилдик тиркемесинен алса болот. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.
Ага ылайык, тиркеме Дары-дармек жана медициналык жабдуулар менен камсыздоо департаменти тарабынан иштелип чыккан.
Тиркеме аркылуу:
- дарынын расмий чектик баасын билсеңиз болот;
- дары кайсы дарыканаларда бар экенин табасыз;
- ашыкча баа коюлса – чекти сканерлеп арыз жөнөтө аласыз;
- терс таасирлери жөнүндө билдире аласыз.
"Эми дары-дармектин чектик баасын билүү, дарыканалардагы ашыкча баалар тууралуу кабар берүү жана жакынкы дарыканадан керектүү дарыны табуу мүмкүнчүлүгү ар бир жарандын колунда",- деп билдирди мекеме.
Суроолор боюнча ММК фондунун 113 номуруна чалсаңыз болот.