Кытайлык атлет Лю Вэйцян бир колунун ортоңку манжасы менен эң оор салмакты көтөрүп, Гиннесстин рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Фитнес-блогер жана дүйнөлүк рекордчу катары таанылган Лю Вэйцян ортону менен 144,72 килограммды өйдө көтөрүп, жаңы дүйнөлүк рекорд койду. Ал буга чейин бул жаатта эң мыкты деп эсептелген Аруба мамлекетинин спортчусу Эгмонд Молинанын жетишкендигин жаңылады. Эгмонд буга чейин 138,50 килограммды бир манжасы менен көтөргөн.
Бул Лю Вэйцян үчүн биринчи жолу эмес — ал мындан мурун да кеминде 8 жолу Гиннесстин рекорддор китебине кирген. Анын башка рекорддору төмөнкүлөр: