Биз социалдык тармакта

Кыргызстанда майыптыгы бар адамдар үчүн жеке ассистенттердин саны көбөйтүлдү

1-июлга карата майыптыгы бар адамдарга кызмат көрсөткөн жеке ассистенттердин саны 14 906 адамга жетип, аларга 793 миллион сомдон ашуун каражат төлөндү. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда Эмгек министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, майыптыгы бар адамдардын жалпы саны 15 225ти түздү. Анын ичинен 9582си 18 жашка чейинки балдар, 5643ү чоң адамдар.
"Төлөмдөрдүн жана жеке ассистенттердин санынын өсүшү - майыптыгы бар адамдарды колдоо жана камкордук менен камсыз кылуу багытында мамлекеттин аракеттеринин жыйынтыгы",- деп белгилешти министрликтен.
Өткөн жылы 1-июлга карата 14 537 жеке ассистенттерге – 635 миллион сом которулган. Ал кезде майыптыгы бар адамдардын саны 14 848 болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан