
Ички иштер министрлигинин фельдъегердик кызматынын башчысы болуп
Талантбек Дөөлөтбаев дайындалды. Бул тууралуу ИИМ бүгүн, 31-июлда билдирди.
Жаңы жетекчини эмгек жамаатка ички иштер министринин орун басары Сүйүнбек Ниязбеков тааныштырды.
Министрдин орун басары фельдъегердик кызматка жүктөлгөн милдеттердин маанилүүлүгүн баса белгилеп, жаңы жетекчи алдыга коюлган милдеттерди ак ниеттүүлүк менен аткара турганына ишенимин билдирди.