Чүй облусунун Жайыл райондук ИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн начальниги болуп Самат Асанбеков дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда облустук Жол милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул кызматка чейин ал Жайыл РИИБинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн улук инспектору кызматын аркалаган.