Камчатка жарым аралынын жээгинде магнитудасы 5 баллдан жогору болгон үч жер титирөө катталды. Бул тууралуу 1-августта Орусиянын Илимдер академиясынын Бирдиктүү геофизика кызматынын Камчаткадагы филиалы билдирди.
Такталгандай, сейсмикалык окуялар Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 02:31ден 02:59га чейин болгон. Жер титирөөлөрдүн магнитудасы 5, 5,3 жана 5,8ди түздү. Сейсмоочоктор Петропавловск-Камчатский шаарынан орточо эсеп менен 200 чакырым алыстыкта жайгашты.
Цунами коркунучу жарыяланган жок.
Буга чейин, 30-июлда Камчатка аймагында күчү 8,7 баллга жеткен жер титирөө болгон. Авача булуңунун жээгинде цунами коркунучу жарыяланып, өзгөчө кырдаал режими Сахалин облусунун Түндүк-Курил району менен Петропавловск-Камчатскийде киргизилген.