Биз социалдык тармакта

Ош мэри бүгүн кайсы көчөлөрдү текшерди? 

Бүгүн, 1-августта Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейд өткөрүп, кызматкерлерге тапшырмаларды берди. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Мэр Жеңишбек Токторбаев Алымбек датка жана Навои көчөсүнүн айланасын иретке келтирүү жана көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берүүдө. Эски борбордук, “Бексултан”, “Шоколад” базарларын жана алардын айланасындагы курулуш калдыктарын, эски соода түйүндөрүн тазалоо, алып салуу иштеринин жүрүшүн текшерди.
Андан соң шаар аймагындагы Кызыл-Кыштак аймактык башкармалыгын аралап өткөн “Жөө бас” каналынын корук аймагын бошотуу иштеринин жүрүшүн текшерип, жумуш начар жана жай жүрүп жатканын айтып, тездетип канал жээгин ачуу иштерин алып барууну тапшырды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан