Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда оор жумуш менен алектенген жашы жете элек 20 өспүрүм аныкталды (фото)

Кечээ, 31-июлда Жалал-Абадда жашы жете элек иштеген өспүрүмдөрдү текшерүү рейди өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү секторунун, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан "Эмгек-өспүрүм" аталышындагы рейд өткөрүлдү.
Рейддин жүрүшүндө коомдук жайларда, соода-сатык жайларында, унаа жуучу жайларда, курулуштарда оор жумуш менен алектенген 20 дан ашуун өспүрүм аныкталып, жеринен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, адистер тарабынан ата-энелерине айып пул салынды.
Аталган рейддин максаты - өспүрүмдөрдүн оор жумуштарга тартылуусуна, алардын психикалык, физикалык жактан жабыр тартуусуна жол бербөө жана ар кандай кырсыктардын алдын алуу болуп саналат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан