Cалык кызматы рейд учурунда каттоосу жана керектүү уруксат берүүчү документтери жок эмеректерди даярдоо жана өндүрүү боюнча иш жүргүзгөн бир катар субъекттерди аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта Мамлкекеттик салык кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Бириничи Май районунда жайгашкан сегиз субъекттин өндүрүштүк жана кампа жайлары текшерилди. Жыйынтыгында салык органдарында каттоосу жок иш жүргүзгөн эмерек жасоочу эки цех аныкталды.
"Акыркы алты айда Салык кызматы рейддик салык текшерүүлөрдүн жүрүшүндө жалпы 1458 эреже бузууну аныктаган. Анын негизинде 1204 айып пул салынып, жалпы суммасы 1,8 миллион сомдон ашты. Салыктык каттоосуз жана уруксат берүүчү документтери жок иш жүргүзүү учурларын аныктоо жана бөгөт коюу максатында мындай рейддик иш-чараларды жүргүзүүнү улантылат. Бул багыттагы иштер өлкөнүн бардык аймактарында туруктуу негизде жүргүзүлөт",- деп белгиленген маалыматта.