Улуу Британиядан келген турист Стамбулда чач трансплантациясы операциясынан кийин каза болду. Бул тууралуу Sun басылмасы жазды.
"38 жаштагы эркек Стамбулга келип, беш сааттык чач трансплантациясы операциясынан өттү. Бирок операциядан кийин абалы оорлоп, тез арада "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилди жана ошол жерде каза болду",- деп айтылат макалада.
Кырсыктын так себеби азырынча белгисиз. Басылманын маалыматына караганда, учурда зарыл иликтөөлөр жүрүүдө, анын ичинде жергиликтүү полиция клиника кызматкерлерин суракка алды.
Буга чейин мындай окуя Индияда катталган.