Кытайдын ТИМинин расмий өкүлү Го Цзякунь АКШны Кытайдын аскердик окуу жайларына, илимий изилдөө институттарына жана коргонуу өнөр жай объекттерине хакердик чабуул жасаганын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"АКШ - Кытай үчүн башкы киберкоркунуч",- деп билдирди Цзякунь.
Дипломаттын айтымында, америкалыктар хакердик чабуулдарды Европадагы жана Кытайга чектеш аймактардагы союздаштары аркылуу жүргүзүшөт.
CSAC баяндамасында айтылгандай, АКШ Кытайдын мамлекеттик мекемелерине жасаган киберчабуулдар аркылуу инженердик долбоорлорду жана технологиялык иштеп чыгууларды уурдоону максат кылган. Бул үчүн алар Microsoft Exchange почта системин жана электрондук файл системин колдонушкан.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын март айында АКШнын чалгындоо кызматтары Кытайды өздөрү үчүн башкы киберкоркунуч деп аташкан. Ал эми Пентагондун билдирүүсүнө караганда, Кытай 2030-жылга чейин АКШны жасалма интеллект тармагындагы эң күчтүү держава макамынан сүрүп чыгарууну көздөөдө.