Биз социалдык тармакта

"Кайсы жерде эң зарыл?" Бишкекте жыл аягына чейин 20 даараткана куруу пландалууда 

Бишкек мэриясы маалымдагандай, ушул жылдын аягына чейин калаада 20 даараткананы куруу пландалууда.

Тактап айтканда, ар бир райондо (ред. Ленин, Свердлов, Биринчи май, Октябрь) 5тен даараткана курулат. Мындан тышкары МЖӨ алкагында 15 санитардык түйүнүн орнотуу пландалууда.

Эки жуманын ичинде А.Боталиев атындагы, Түлөбердиев атындагы сейил бактардагы, Байтик баатыр жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги, филармониянын жанындагы дааратканалар калыбына келтирилди.

"Сиздин оюңузча, кайсы жерде санитардык жайлар эң зарыл?" - деп коомчулукка кайрылды муниципалитет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан